Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркагандар Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жаткырылды
Бишкек ЖЭБиндеги жарылуудан жабыркаган жарандар жана тик учак кырсыгынан жараат алган аскер кызматкерлери бүгүн, 4-февралда Түркиянын Адана шаарындагы көп тармактуу ооруканага жаткырылды.
Маалыматка ылайык, бейтаптарды Кыргызстандын Анталиядагы башкы консулу Рустам Кошонов жана Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы комбустиологу профессор, доктор Корай Даш тосуп алышты. Бейтаптар дароо кошумча диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдөн өткөрүлүп, андан аркы дарылоо үчүн ооруканага жаткырылды.
Бейтаптарды коштоп жүргөн реаниматолог Жеңишбек Келдибеков төрт бейтап тең учуу маалында кыйналбаганын, абалы туруктуу экенин белгиледи.
"Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар президенттин жеке көзөмөлүндө экенин, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана андан ары дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөнүн белгилейбиз", - деп айтылат маалыматта.

