Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБдин бузулган имараттарын капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырмасын берди




Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ЖЭБти калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат угулду. Энергетика министри борбор калаанын ЖЭБинде 4-февралга карата дагы бир от казан кошумча ишке киргизилгендигин билдирди. Жалпысынан учурда 8 от казан, 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун агымы 40 градустан 61 градуска чейинки температурада.⠀
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаевдин айтымында, алдын ала маалымат боюнча 15 миң чарчы метр чатыр жарактан чыгып, бүгүнкү күндө 4300 чарчы метрден ашууну калыбына келтирилген.
Акылбек Жапаров бузулган имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө тапшырма берип, "Жарым-жартылай аракет жарабайт" деп белгиледи. Ошондой эле ал ЖЭБди модернизациялоого багытталган иш-чаралардын планын иштеп чыгуу боюнча ишти тездетүүнү тапшырды.
