Бүгүн Бишкек ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 991 адам тартылды
Бүгүн, 4-февралда Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 991 адам, 23 техника тартылды.
Анын ичинде ӨКМден 81 куткаруучу, 8 техника, 1 суу сордуруучу мотопомпа, дрон, 2 жылыткыч, 4 чатыр бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө. ЖЭБдин имаратын жылуулоо максатында 50 000м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда. ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши жүрүүдө. Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
ЖЭБдеги жумуштарды аткарууга тартылган жалпы 991 адамдын ичинен:
- 490у Энергетика министрлигине караштуу ЖЭБдин жана электр компаниялардын кызматкерлери;
- 393ү Мамкурулуштун куруучу жана атайы адистери;
- ИИМдин 15 кызматкери;
- Бишкек мэриясынын 12 кызматкери жана аталган жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 15 техника тартылып, ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү, оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
