super.kg logo

Месси Гонконгдо күйөрмандарынын ачуусун келтирди. Бийлик түшүндүрмө талап кылды

 

"Интер Майами" клубунун чабуулчусу Лионель Месси "Гонконгдун жылдыздары" командасына каршы жолдоштук беттешке чыкпай, күйөрмандарын ачууландырды.

Келишимдин шарттарына ылайык, Месси бул беттеште кеминде 45 мүнөт ойношу керек болчу (эгерде жаракат албаса), бирок 36 жаштагы аргентиналык оюнчу талаага такыр чыккан эмес. Кызыгы, жекшемби күнү эртең менен Гонконгдун өкмөтүнө Месси сөзсүз ойной турганы жана капитандык боо менен талаага чыга турганы кабарланган. Беттеш башталганда уюштуруучулар Гонконгдун администрациясына футболчу жаракат алып, оюнга чыкпай турганын билдиришкен. Оюндан кийин Гонконг өкмөтү билдирүү таратып, уюштуруучулардан түшүндүрмө талап кылды.

Беттеш учурунда күйөрмандар “Биз Мессини көргүбүз келет” жана “Акчаны кайтарып бергиле” деп кыйкырышкан. Бул беттештин эң арзан билети 115 евро болгон. 38 миң күйөрман бата турган стадион дээрлик толгон.

Оюндун өзүнө келсек, 4:1 эсебинде "Интер Майами" командасынын жеңиши менен аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: