Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну сентябрда Казакстанда өтөт

Маалыматка ылайык, оюнга 107 өлкөдөн 4000ден ашуун спортчу катышары күтүлүүдө. Оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтүп, спорттун жыйырма түрү боюнча 110 комплект медаль ойнотулат.
Оюндар "Астана-Арена" стадионунда, Үчкемпиров атындагы менчик сарайында, "Алау" муз аянтчасы орун алган жайда, "Казакстан" жеңил атлетика спорттук комплексинде, "Думан" мейманкана комплексинде жана "Казанат" ипподромунда өтөт. Бул жайлар бири-бирине жакын, катышуучуларга транспорт уюштурулат.
Ошондой эле ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге "Көчмөндөр ааламы" этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот.
Муну менен бирге 1000 ыктыярчы тартылары маалымдалды.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары буга чейин үч жолу Кыргызстанда, бир ирет Түркияда болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.