ФИФА 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун ачылышы өтө турган жерди жарыялады
2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылышы 11-июнда Мехико шаарындагы 87 миң 523 көрүүчүгө ылайыкталган "Ацтека" стадионунда өтөт. Бул тууралуу ФИФА билдирди.
Ачылыш аземде Мексика курамасы ойнойт. Анын атаандашы аныктала элек. Турнир Мексика, АКШ жана Канадада өтөт.
Канадада турнир 12-июнда Торонтодогу оюн менен ачылат. Ал эми Америка Кошмо Штаттарында Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюну Лос-Анжелесте 13-июнда болот.
2026-жылдагы дүйнө чемпионаты биринчи жолу 48 команданын катышуусунда өтөт. Дүйнөлүк чемпионаттын жүрүшүндө 104 беттеш өткөрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.