super.kg logo

Жээнбек Кулубаев менен Тажикстандын тышкы иштер министри чек ара маселесин сүйлөштү

 

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 4-февралда тажик тараптын чакыруусу боюнча расмий сапар менен Тажикстанга барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, расмий визиттин алкагында кечээ Душанбе шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сирожиддин Мухриддин тар жана кеңейтилген форматта жолугушуулары өттү.

"Сапардын биринчи күнүндөгү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө министр Кыргызстан Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө умтуларын белгиледи. Кыргыз тарап мамлекеттик чек араны делимитациялоо маселесин тез арада жана өз ара пайдалуу чечүүгө умтулат.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары кыргыз-тажик мамилелеринин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарындагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле дүйнөдөгү жана региондогу абал боюнча пикир алмашуу болду", - деп айтылат маалыматта.

Тараптар мындан тышкары БУУ, ЕККУ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардагы кызматташуунун алкагындагы өз ара кызматташууну талкуулашты.

Жыйынтыгында 2024-2026-жылдарга Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда кызматташуу программасына кол коюлду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: