Азия Кубогу: Комментатор түз эфирде Өзбекстан курамасынын футболчусун кемсинтти (видео)
Өзбекстандын Sport телеканалынын комментаторлорунун бири түз эфирде улуттук кураманын коргоочусу Зафармурод Абдирахматовду кемсинтти.
Ишемби күнү Өзбекстан Азия Кубогунун чейрек финалында Катарга утулуп калды. Оюндун негизги жана кошумча убактысы 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, пенальтилер сериясында катарлыктар жеңишке жетти.
Зафармурод Абдирахматов маанилүү делген пенальтини аткара албай калган. Комментатор Абдирахматовдун ийгиликсиздигин эмоционалдуу кабыл алды.
"Сен эмне келесоосуңбу? Кечиресиздер. Эмне кылып жатасың, кечиресиздер. Чуркап келбестен", - деди комментатор.
Комментатор түз эфирде Өзбекстан курамасынын футболчусун кемсинтти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.