Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов апрелге чейин камакта калтырылды
Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Биринчи Май райондук соту билдирди.
Билдиргендей, Иминовдун УКМКнын абагындагы камак мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылган.
Буга чейин Иминов тергөө аяктаганча өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен камактан бошотулуп, январдын башында кайра кармалган болчу. Ал былтыр ноябрда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.