Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун очогу табылды
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун очогу көмүр майдалаган тегирменде болгон. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урмат Шамырканов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, жарылуу өтө чоң масштабда болгондуктан айнектин сыныктары, чатырдын калдыктары жүздөгөн метрге чейин учкан.
Ошондой эле Шамырканов атайын лабораториянын изилдөөсү менен жарылуунун очогу табылганын айтты.
"Өрттүн очогу 14-от казандын жанында жайгашкан тегирменде болгон. Ал көмүрдү майдалап от казанга чачып берип турат. Лаборатория азыркы тапта дагы өзүнүн ишин улантууда", - деди ал.
Шамырканов жеринде калыбына келтирүү иштери жүрүп, күн сайын миңге жакын киши иштеп жатканын кошумчалады.
05.02.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.