"Чет өлкөгө баруунун кажети болбойт". Бөйрөк алмаштыруу операциясы эми акысыз жасалат
Эми өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат. Бул тууралуу министр Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасап берүүнү тапшырды.
“Биз мындан 20 күн мурда 50 кыргызстандыктын бөйрөгүн бекер алмаштырып берүүнү мерчемдегенбиз. Бирок биринчи акысыз операциядан кийин Садыр Жапаров менен сүйлөштүм, ал бардык муктаж болуп, гемодиализ алып жаткан 2500 бейтапка бекер операция жасоо керектигин айтты. Операцияларды өткөрүп алсак, азыр гемодиализге кетип жаткан акча бюджетте калып, үнөмдөө болмок”, - деди министр.
Мамлекет бөйрөк алмаштыруудагы ар бир операцияга 620 миң сом же 7,5 миң доллар сарптайт.
Белгилей кетсек, акысыз операцияны өлкөнүн хирургдары өздөрү жасашат. 2018-жылдан бери ийгиликтүү жасалып келген жана андан бери 44 операция кылынган.
Бөйрөктү акысыз алмаштыруу операциясы үчүн бейтаптар, алардын жакындары Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун дарыгерлерине кайрылууга болот.
