super.kg logo

Энергетика министрлиги элиталык үйлөргө жаңы тариф даярдап жатат

 

Жылуулукка жана электр энергиясына тарифтерди жогорулатуу маселеси каралат. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев "Биринчи радиого" берген маегинде айтты.

Анын айтымында, энергетика тармагын модернизациялоону кайра каржылоо үчүн тарифтик саясатты өзгөртүү зарыл, анткени азыркы чыгым өзүн актабай жатат. Калк электр энергиясын жана жылуулукту өздүк наркынан төмөн тариф менен алат.

"Электр энергиянын өзүнүн баасы өйдө эле. Биз Бишкекке электр энергиясын социалдык тариф менен сатабыз. Эми мунун баарын карап жатабыз. Азырынча варианттар жөнүндө айтпай эле коёюн, бирок жалпысынан биз ири элиталык үйлөр энергияны өз баасында алганга алып барабыз.

Ал эми жөнөкөй жарандарга социалдык норма менен киргизебиз. Азыр ошондой тариф саясатын даярдап жатабыз. Азыр киргизебиз деп айткан жерибиз жок, бирок иштеп чыгып жатабыз. Тариф саясатын сөзсүз өзгөртүш керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2024. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы бийликтин эн акылсыз саясаты. Элитка уйлордун кобун ипотека, кредитке алып жашап жатышат. Элитка уйдо жашагандын баары эле миллионерлер эмес. Бийлик элдин чонтогуно кол салып жатат. Кымбатчылык бир жагынан, бийлик бир жагынан элди кууратты. Азыр элитка уйлор менен мурунку салынган уйлордун баалары бирдей эле. Бийлик элди жарды кылып бутурмой болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: