Кытайда австралиялык жазуучу өлүм жазасына кесилди. Австралия буга реакция жасады
Коңшу Кытайда австралиялык жазуучу Ян Хэнцзюн өлүм жазасына кесилди. Австралиянын Тышкы иштер департаментинин башчысы Пенни Вонг өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдиргенине караганда, Пекин өкүмдүн аткарылышын убактылуу токтотту.
Вонгдун айтымында, Австралия өкмөтү чет мамлекетте өзүнүн жаранына каршы мындай чечим кабыл алынганына таң калууда. Эгер жазуучу эки жыл ичинде кылмыш жасабаса, өлүм жазасы өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырылат.
Хэнцзюн 2019-жылы Кытайдын укук коргоо органдары тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген деген шек менен кармалган. Кийинчерээк ага тыңчылык кылган деген расмий айып тагылган. Австралия муну негизсиз деп атаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.