Садыр Жапаров гемодиализ алган жарандарга мамлекет жылына канча каражат короторун айтты
Өлкөдө жасалган бөйрөк алмаштыруу операциялардын чыгымын мамлекет жабат. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Өлкө башчы мындан ары бөйрөк алмаштыруу операциялары өлкөдө жасаларын белгилеп, ага кеткен чыгымды мамлекет төлөй турганын айтты.
"Биринчи бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Эки медициналык бригада күн сайын иштеп, күнүнө 2-3төн бейтаптын бөйрөгүнө операция жасаса болот экен. Кудай буюрса, эми мындан ары бөйрөк алмаштыруу улантылат. Бардык гемодиализде жаткан жарандарыбыздын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берет", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле президенттин айтымында, мындай операцияларды өлкө колго ала турган болсо мамлекет үчүн дагы пайда алып келет.
"Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат.
Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да.
Ошондо биринчи пайдабыз - жарандарыбызга жардам берип, бөйрөктөрүн алмаштырып берип жатабыз. Экинчи пайдасы мамлекеттин акчасын үнөмдөп калабыз. 10-15 жылдап гемодиализде жаткандар бар. Элестетиңиздер, канча каражат үнөмдөлүп калат", - дейт өлкө башчы.
