Ак-Ордодо 43 жаштагы жаран сабалган. Шектүү жигит кармалды
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо конушунда киши сабоого шектүү жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, милицияга 1981-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал Ак-Ордо жаңы конушундагы "Арча" дүкөнүнүн жанында эки белгисиз адам сабап, ден соолугуна анча оор эмес зыян келтиргендигин билдирген.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 2003-жылы туулган Т.Р. аттуу жигит кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка катыштыгы бар башка адамды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:03
2025-06-25
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.