Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды








Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулуш иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусуна иш сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айланма жолдун курулуш иштери менен таанышып, сапаттуу курууну тапшырган.
"Учурда Бишкек-Ош жолунда тыгындар көп. Жаңы айланма жол тыгынды бир топ азайтат, ошондой эле жол коопсуздугун жакшыртат. Жолдун узундугу 14 чакырымды түзөт. Долбоор ошондой эле бир нече көпүрөлөрдү жана жер астындагы өтмөктөрдү курууну камтыйт. Курулуш иштерин 2024-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Жапаров Өзгөн районундагы Кара-Дарыя дарыясына курулуп жаткан дамбанын курулушунун жүрүшүн көргөн.
Бул долбоордун сметалык баасы 731 миллион сомду түзүп, салынчу дамбанын узундугу 4551 метрге жетет. Дамба ушул жылдын март айында бүтүшү күтүлүп жатат.
