"Күн жылуу болот". 7-февралга карата аба ырайы
Эртең, 7-февралда Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.
Маалымдалгандай, күндүз Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кечке жуук Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5,
Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7.
Ал эми Бишкекте күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетип, абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз +10…+12 болушу күтүлөт.
