super.kg logo

Жанар Акаев ЖМКлар жөнүндөгү мыйзам долбоорунун 95 пайызы Орусиядан көчүрүлгөнүн айтты

 

Депутат Жанар Акаев Министрлер кабинети сунуштаган "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорунун 95 пайыз Орусиянын мыйзамынан көчүрүлүп алынганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору өтө чала иштелген.

"Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса журналисттер мамлекеттик кызмат адамдарынан маек алуу, коомчулук талап кылган маселелерди алардан ачыктап берүү дагы татаал болот. Журналисттер облустардагы ар бир мекемеден аккредитациядан өтүп чыгышы керек экен. Анда эч кимди иштетпей эле жаап салалы. Мен бул мыйзам долбоорун анализдеп чыктым. 95 пайыз Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлүптүр. Кээ бир беренелери 94-98 пайызга чейин көчүрүлгөн. Биз мыйзам долбоорун бул боюнча кабыл алганыбыз болбойт. Министрлер кабинетинин журналисттерде анча-мынча жоопкерчилик болушу керек дегени туура. Ага эч ким каршы эмес”, - деди ал.

Ошондой эле Акаев бул мыйзам долбоору кабыл алынса көптөгөн ЖМКлар жабылып каларын айтып, күн тартибинен алып салууну сунуштады.

Жыйынтыгында сунуш депутаттар тарабынан колдоого алынып, күн тартибинен алынды.






06.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: