ИИМ: "Орусияда кароосуз калган беш өспүрүм өлкөгө алынып келди"
Орусиядан ата-энесинин жана жакындарынын кароосусуз калган беш өспүрүм Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, төрт эркек, бир кыз өспүрүмдү "Манас" эл аралык аэропортунан ИИМдин жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тосуп алышкан.
Алар Орусияда кароосуз калып, Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын өспүрүмдөрдү убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Балдарды Кыргызстанга өткөрүп берүү аталган башкармалык тарабынан уюштурулган.
Өспүрүмдөрдүн Орусияга эмне себеп менен барганы такталып, Кыргызстандагы туугандарына өткөрүлүп берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.