Кара-Сууда 375 орундуу мектептин ачылышы болду (фото)





















Оштун Кара-Суу районунун Зарбалик айылында 375 орунга эсептелген мектептин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында катышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мектептин курулушу 2022-жылы башталып, республикалык бюджеттен 148,5 миллион сом бөлүнгөн.
Акылбек Жапаров окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы мектептин ачылышы менен куттуктап, балдарга сапаттуу билим берүү үчүн шарттарды түзүү өлкө өкмөтүнүн артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.
"Мектептин ар бир ачылышы кубанычтуу окуя. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 200гө жакын мектеп ачылган. Кара-Суу районунда 13 авариялык мектеп бар болчу, анын бирин бүгүн ачып жатабыз, дагы 3 мектептин курулушу бүттү, жакында ачыла.т
Мен дайыма чыгаан жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун: “Мектеп – таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери” деген сөздү кайталап келем. Билим гана бийиктикке жете алат. Биз балдарыбыз жаңы заманбап мектептерде окуп жатып сапаттуу билим алышын, чет тилдерин билишин каалайбыз", - деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Ошондой эле өткөн жылы Кара-Суу районунда 22 мектепте жана 8 бала бакчада курулуш иштери жүргүзүлгөнүн, 14 жаңы социалдык объектилер ачылганын белгиледи.
Октябрь, Ак-Терек, Керме-Тоо, Жапалак, Таш-Арык айылдарында мектептер ачылган. Дагы 2 мектеп ачууга даяр. Кара-Суу районунун курулуш тармагына жалпысынан 1 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн.
Андан ары Акылбек Жапаров Кең-Сай айылындагы спорт комплексинин абалы менен таанышты.
