super.kg logo

Ашыкча жүк жүктөгөн айдоочулар айыпка жыгылат

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жүргүнчү ташуунун эрежелерин, эл аралык жүк ташуулардын талаптарын жана белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, Балыкчы транспорттук көзөмөл пунктунда инспекторлор тарабынан оор жүк ташуучу унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды.

"Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан транспорттордун айдоочуларына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) тиешелүү протоколдор толтурулуп, жалпы 55 миң 500 сомго айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ашыкча жүгү түшүрүлүп, башка унаага жүктөлдү.

Белгилей кетсек, текшерүү иштери жети дубанда тең жүргүзүлүп, эреже бузган айдоочуларга түшүндүрүү иштери менен кошо тийиштүү протоколдор түзүлүп жатат.

5-февралда башталган рейддик иш-чара 5-мартка чейин уланат.

Мындан тышкары, министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: