Өлкөдө УКМКнын академиясы түзүлөт
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясын түзүү боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, академия түзүү чечими улуттук коопсуздук органдары үчүн жогорку квалификациялуу адистерди, башкаруучу жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун бирдиктүү тутумун түзүү, илимий-изилдөө иштерин кеңейтүү максатында кабыл алынган.
Атайын кызматтын алдында академия ачылары 2022-жылы маалым болгон, ошол жылы март айында академиянын пайдубалына капсула салынган.
"1993-жылдын 19-апрелинде Улуттук коопсуздук министри, генерал-лейтенант Анарбек Бакаев министрликтин алдында атайын Окуу түзүмүн ачуу буйругуна кол койгон.
Бул окуу бөлүмү кийин жогорку курс, андан соң окуу борбору аталган. Өкмөттүн 2011-жылдын 28-мартындагы токтомуна ылайык, аталган окуу борбору бүгүнкү күндө УКМКга караштуу генерал-лейтенант А.К.Бакаев атындагы Кесиптик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институту аталып жүрөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Азыркы тапта УКМКга кызматка алынып жаткандардын дээрлик көпчүлүк бөлүгү ушул институттан окуп, кайра даярдыктан өтүүдө.
