Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Түркияга жеткирилген 2 жумушчуга операция жасалды
Бишкек ЖЭБдеги жарылуудан оор жараат алып Түркияга жеткирилген 2 адамга операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бейтаптардын абалы оор.
"Бирөөсү мурдагы күнү, экинчиси кечээ операция болду. Азыр тамак ичип жатат, бирок абалдары орточо оор бойдон калууда", - деди ал.
Буга чейин 3-февралда Бишкек ЖЭБде болгон жарылуудан оор жаракат алаган 2 жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлгөн болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.