Жалал-Абадда 14 миңге жакын "акылдуу" эсептегич орнотуу пландалууда
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан 2024-жылдын май айына чейин 13 миң 947 даана "акылдуу" эсептегич орнотуу пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, учурда "акылдуу" эстептегичтерди орнотуу иштери кызуу жүрүп жатат.
Ага ылайык, "акылдуу" эсептегич калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо менен бирге керектөөчүлөр үчүн да бир топ ыңгайлуулук жаратат. Алсак, ашыкча электр жабдууларын жүктөөдөн коргоого жардам берип, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну эскертип турат.
"Ошондой эле эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары керектөөчүлөр тарабынан “акылдуу эсептегичке” өз алдынча колдонуу аракеттери болсо, аны автоматтык түрдө маалымдайт",-деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Жалал-Абад ЭТИге 2023-жылы жалпы 25 миң 407 "акылдуу" эсептегич алып келинип, анын 11 миң 460 даанасы колдонуучуларга орнотулган.
