super.kg logo

Караколдо мүрзөдө иштеген аксакал: “Дубаланган, ийне сайылган куурчактарды таштап кетишет”

 

“Дубаланган, ийне сайылган куурчактарды таштап кетишет”, - дейт Каракол шаарындагы көрүстөндөрдүн биринде иштеген Тахир ата.

"Бул жерден жайында көп сүрөттөр, куурчактар чыгат. Мүрзөлөргө коюп жаап коёт экен, жаан жааганда ачылып калат да. Ошол кадамга кантип барышат? Ооздоруна, көздөрүнө ийнелерди тыгып, анан бул жакка ташташат. Болгондо да жаш кыздарга келиндерге, ушундай нерселерди жасашат. Алардын кыздары жокпу, балдары жокпу?

Мен ошол сүрөттөрдү, куурчактарды алып туруп, окуп, сууга агызып, кылынган жаман дубаларды чечип коём. Болбосо мен ал адамдарды тааныбайм, муну мен Алланын ыраазычылыгы үчүн жасайм. Куурчактарды алып келип, моюнунан асып коюшат, Кудайым бетин алыс кылсын мындайлардан. Кабырга келгенде жасаган бул жамандыктары үчүн алар кантип жооп берет?", - дейт Тахир ата.

Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: