"Бул шалаакылык". Депутат Токтошев ЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселесин көтөрдү
Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуу жетекчилердин шалаакылыгынан болду. Мындай пикирди бүгүн, 7-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев айтты.
Эл өкүлү тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралышы керектигин белгиледи.
"Ушул заманда жашап жатып 60-70 жыл мурунку техниканы иштете албай жатабыз. Бул эч кандай диверсия эмес. Бул шалаакылык, ишин билбегендик. ЖЭБде бир жылда үч жолу директор алмашкан. Кудай сактап түн ичинде жарылуу болуптур. Күндүз жарылса эмне болот эле? Ушундан улам канча деген экономикалык чыгым болду? Буга саясий баа берилиши керек", - деди Токтошев.
Ошондой эле ал кырсыкта жардам берген коңшу өлкөлөргө жана жеке ишкерлерге ыраазычылыгын билдирди.
Эске салсак, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек ЖЭБде авария болуп, 2 киши оор жаракат алган. Анда Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев ЖЭБде диверсия болгон деген да божомолдор бар экенин айткан.
Жогорку Кеңеш 07.02.24.
