super.kg logo

“Чек талап кылып, байге утуп ал!”. 21 катышуучунун утушу жокко чыгарылды

 

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотореясынын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, былтыр 25-30-декабрда өткөн кызыктыруучу лотереянын экинчи этабында 1 244 адам баалуу байгенин жеңүүчүлөрү болгон.

Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Анын жыйынтыгында 21 катышуучу лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Катышуучулар кызматкер катары катталган уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөндүгүнө байланыштуу утуштары жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы былтыркы жылдын 25-30-декабрында өткөрүлүп, жыйынтыгында 1 244 жаран баалуу байгенин, анын ичинде 10 батирдин, 11 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.

Салык кызматы жакында байгелерди тапшыруу башталарын жана байгелерди алуу акысыз экендигин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: