super.kg logo
  Саясат  

"Жеңилдешиңиз менен". Депутат Айдарова жыйын учурунда ажатканага чыгып кеткен министрди сынга алды (видео)

 

Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айгүл Айдарова маданият министрин сынга алды.

Жыйында Түркия менен биргеликте маданий борборлорду ачуу тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Депутат Айгүл Айдарова суроо берейин деп жатканда маданият министри Алтынбек Максутов ордунан туруп, жыйындар залынан чыгып кеткен.

Айдарова анын кайда кеткенин сурады. Төраганын орун басары Нурбек Сыдыгалиев министр бир саамга суранып чыкканын айтып, орун басарына суроо берип турууну сунуштады.

"Суроону министрдин өзүнө берем. Бул мыйзам долбоорунан маанилүү эмне бар? Бул эмне тоготпогонубу, муну кандай түшүнсө болот? Өзү айда-жылда бир келет, анда да басып кетет. “Баары бир кабыл аласыңар да” деген ойдо кетип калдыбы?", - деди Айдарова.

Сыдыгалиев министр ажатканага чыкканын айтууга мажбур болду.

"Азыр келет, жанатан бери суранып жаткан. Эми ачык эле айтайынчы, ажатканага кетти. Азыр келет", - деди ал.

Депутат келгендер муктаждыктарын буга чейин бүтүрүп келсе болмоктугун айтты.

Ошентип Айдарова Максутов ажатканадан келгенче күтүп, суроосун бербей отурду. Министр кайтып келгенден кийин депутат аны менен учурашып, "Жеңилдешиңиз менен" деди.






Жогорку Кеңеш 07.02.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: