Бишкекте Баатыр энелерге сыйлыктар тапшырылды







Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, борбор калаанын төрт районунун акимдери энелерди татыктуу мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашты.
- Биринчи май району боюнча 17 эне "Баатыр эне", 13 эне "Эне даңкы" наамы;
- Октябрь районунда 4 эне "Баатыр эне" орденин алса, 7 эне "Эне даңкы" медалы;
- Свердлов районунда 14 эне "Баатыр эне" ордени жана 23 эне "Эне даңкы" медалдары;
- Ленин району боюнча 37 эне "Баатыр эне", 16 эне "Эне даңкы" наамын алышкан.
"Бишкек шаарынын мэриясы коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон бардык энелерге терең ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.