Эми борбор калаадагы бардык аялдамалар бир типте болот







Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаарынын мэриясы калаадагы бардык аялдамалар бир типте болорун билдирди.
Кабарлангандай, "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жаңы аялдаманын долбоорун бекиткен.
"Мындан ары борбордогу бардык аялдамалар бир типте болот. Буга чейин аялдамаларды реконструкциялоо долбоору пилоттук режимде ишке киргизилген. Борбор калаанын тургундары жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн аялдамалар кышында жылытуу, ысык мезгилде кондиционер системасы менен камсыздалган.
Ошондой эле аялдамаларда коомдук транспорт каттамдары көрсөтүлгөн стенд болот. Мындан тышкары, ар бир жаран Wi-Fi тармагына туташып, интернет кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот", - деп айтылат маалыматта.
Аялдамалар эки түргө бөлүнөт. Бири 10-12 метр болсо, экинчиси андан чоңураак болот. Алар негизги көчөлөргө жана проспекттерге курулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.