super.kg logo
  Саясат  

Түркия менен биргеликте маданий борборлорду ачуу тууралуу мыйзам долбоору колдоо тапты

 

Бүгүн, 7-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Түркия менен биргеликте маданий борборлорду ачуу боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча депутаттардын суроолоруна маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты боюнча министри Алтынбек Максутов, орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу жооп беришти.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, маданий борборлорду, анын филиалдарын эки өлкөнүн аймактарына ачылышына шарт түзүп, достук мамилелерди өнүктүрүү, маданият, илим, билим тармагында эки тараптуу кызматташтыкты камсыздоо, мекендештерге көмөк көрсөтүү, эне тилди жана улуттук каада-салтты сактоо, тыгыз карым-катышты орнотуу, маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзүлмөкчү.

Келишимге кыргыз тарап келечекте кыргыз маданий борборун ачууну ишке ашыруу максатында жана ченемдик укуктук базаны түзүү үчүн кол койгон. Анткени Кыргызстандын маданий борборлорун Анкарада ачууда борбордун ишмердигин жөнгө салган документтерди иштеп чыгуу, республикалык бюджеттен кошумча каражат, тагыраагы, имараттын ижара акысы, же жер тилкесин сатып алып, маданий борбордун имаратын курууга, кызматкерлерди жалдоого жана коммуналдык кызматтар үчүн акча талап кылынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: