Садыр Жапаров өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу айтты
Кыргыз эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде айтты.
Анын айтымында, сөз эркиндигин жамынып алгандар элди бузуп жатышат.
"Сөз эркиндиги жок дегендер - "сөз эркиндиги" деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн "мекенчилдер". Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз.
"Сөз эркиндиги" деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат", - деди өлкө башчы.
Ошондой эле президент маегинде эгер бийлик сөз эркиндигин чектегенде эбак эле эл көтөрүлүп кетмектигин айткан.
"Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек. Ал эми чыныгы сөз эркиндигин колдонуп, бийликти сындап, бийликте олтурган коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айтып тургусу келген жарандарыбыздын жөнү башка. Алардан бизге бир гана пайда келет. Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу, же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин.
Уятсыз, мыйзам бузган чиновниктердин бетин ачканга салым кошкон болушат. Андайлардан дароо тазаланганга бизге жардам берген болушат.
Бизде ким эмнени кааласа сүйлөп жатат го, сүйлөй беришсин. Ойлорун көчөгө чыгып айтабы же интернеттен айтабы, айта беришсин. Эч ким тыйбайт. Биз мамлекет катары өлкөгө тартипти, мыйзамдуулукту орнотуп, адамдардын бири-бирин сыйлай билүүсүнүн эрежесин түзүп кетишибиз керек", - дейт Садыр Жапаров.
