super.kg logo

Чек ара кызматы Караколдогу аскер бөлүктө кыйноолор болуп жатат деген маалымат боюнча билдирүү таратты

 

УКМКнын Чек ара кызматы Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунованын жоокерлерди сабап, кордоо фактылары тууралуу айткан видео кайрылуусу боюнча комментарий берди.

Буга чейин социалдык тармактарда кенже сержант Асанакунованын президент Садыр Жапаровго кайрылган видеосу тараган.

Ал аргасыздан кайрылуу кылып жатканын айтып, аталган аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге зомбулуктар көрсөтүлүп жатканын билдирген.

"Аскердик бөлүктө жоокерлер зордук-зомбулукка кабылып, колу-буту сынып, көзүнөн жаракат алган учурлар бар. Мунун баары жашырылат. Мен муну ачык айткандан кийин бөлүктүн командири тарабынан басым жасалып, ал мени сөгүп, алтургай жеке жашоомо кийлигишүүгө чейин барууда", - деген ал.

Ошондой эле Асанакунова жоокерлерге сапаты начар азык-түлүктөрдөн тамак даярдалып жатканын, кээде өлгөн малдын эти дагы колдонуларын айтып, бардыгына далилдери бар экенин кошумчалаган.

Кайрылуудан кийин УКМКнын Чек ара кызматы бул маалымат боюнча мурда эле иликтөө жүргөнүн билдирип, Жылдыз Асанакунова дарыкана башчысы болууга кызыкдар болгонун белгилешти.

"Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө кенже сержант Жылдыз Асанакунова "прапорщик" аскердик наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна дайындалууга кызыкдар болгондугу аныкталган.

Бирок жагдайды эске алуу менен (дарыкана башчысы кызмат ордундагы аскер кызматчы ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн болгон бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскер тарамдарга ар дайым чыгып туруусу шарт, ал эми Ж. Асанакунова өзү жалгыз жашы жете элек үч баланы тарбиялайт) Жылдыз Асанакунованы бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги анын өзүнө жеткирилген", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Ал эми 2028 аскер бөлүгүнө өлүк малдын эти жана башка сапатсыз азык-түлүктөр алынып келет деген маалымат тастыкталган эмес.

"2028 аскер бөлүгүнө азык-түлүктөрдүн сатып алынышы боюнча маалымдасак, бардыгы "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын чегинде сатылып алынган. Тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сатып алууда жергиликтүү камсыздоочулар арасынан тандоо менен жүргөн. Сатып алынган азык-түлүк алынып келгенде комиссия курамы тарабынан сапаты жана жарактуу мөөнөтүү текшерилет. Аскер кызматчылары үчүн даярдалган тамак-аштын сапаты ар күн сайын көзөмөлгө алынат", - деп айтылат маалыматта.

Иликтөөдө аскер кызматчылары менен маектешүүлөр жүргөн жана денелерин кароо учурунда жаракаттар болгон эмес.

Ошондой эле иликтөө объективдүү болушу үчүн 3-февралда кенже сержант Жылдыз Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен маектешүүгө чакырылган.

Учурда 2028 аскер бөлүгүндө кайрадан УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүүдө, алардын жыйынтыктары тууралуу кийинчерээк кошумча маалымат берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: