super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров расмий сапар менен Түркияга барат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 8-10-февралда Түркиянын Анкара шаарына расмий сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, расмий сапардын алкагында Жапаров эки өлкө ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына катышат.

Ошондой эле, Түркиянын расмий жетекчилери жана мамлекеттик органдарынын башчылары менен жолугушуулары болот. Анда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Мындан тышкары кыргыз-түрк бизнес форумуна катышат, анын алкагында ири бизнес өкүлдөрү менен да жолугат.

Андан соң өнөр жай, транспорт, медицина жана электрондук соода жүргүзүү тармактарында иш алып барган орто жана ири ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышып, ишкерлик чөйрөдө кызматташууну талкуулайт.

Жолугушуулардын жана жыйындардын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюлат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: