super.kg logo

Бишкекте коомдук транспорттор текшерилүүдө

 

Бишкекте Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан коомдук транспорттордун каттамдарга чыгуу графигин так сактоо боюнча күн сайын рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы, "Бишкек троллейбус башкармалыгы" жана "Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы" муниципалдык ишканасы ошондой эле жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын активдүү катышуусунда өткөрүлүүдө.

Ага ылайык, Патрулдук милиция башкармалыгынын катышуусунда өткөн бул демилге каттамдардын графигин так сактоону гана эмес, коомдук тартипти да камсыз кылууда.

"Рейдде аялдамаларда туура токтоо, транспортту техникалык тейлөө, GPS-трекерлердин функционалдуулугу, санитардык нормалардын сакталышы жана накталай төлөмдөр үчүн талондорду берүүнүн тууралыгына басым жасалат.

Мыйзам бузуулар аныкталса, протоколдор түзүлүп, айдоочуларга катуу эскертүүлөр берилет",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күнүмдүк рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: