Шаардык сот активист Ырыс Жекшеналиевди актаган өкүмдү күчүндө калтырды
Бүгүн, 7-февралда Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова "Facebook" баракчасы аркылуу билдирди.
Былтыр 4-декабрда 21 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата коюлган айыптар алынып, толук акталган. Андан кийин прокуратура блогерге карата райондук соттун актаган чечимине каршы шаардык сотко арыз берген. Анда прокуратура 7 жыл сурап, ишти жаңы тергөөгө кайтарып берүүнү өтүнгөнү кабарланган.
Эске салсак, фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору Жекшеналиев 2022-жылы августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
