"Жалпы 130 миңден ашык айып пул салынды". Чүйдө транспорттор текшерилүүдө
Токмок шаарында жана Кемин районунда оор жүк жана жүргүнчү ташыган унааларга рейд жүргүзүлүп жатат. Бул жөнүндө Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейд министрликтин жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жүргүзүлүп жатат. Анда Токмок шаарында жана Кемин районунда оор жүк жана жүргүнчү ташыган унаалар токтотулуп, текшерүүгө алынды.
Анын жүрүшүндө ашыкча жүк жүктөгөн транспорт каражаттарынын ээлерине Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн белгиленген ченемдерин сактаган эмес) беш протокол толтурулуп, жалпы 125 миң сомго айып пул салынды. Ал эми жүргүнчү ташыган 10 унаанын айдоочусуна түшүндүрүү иштери менен бирге тиешелүү протоколдор толтурулуп, 14 миң 500 сом айып жазылды.
Жалпы салынган айып пулдун суммасы 139 миң 500 сомду түздү.
Белгилей кетсек, 5-февралда башталган рейддик иш-чара 5-мартка чейин уланат.
"Министрлик текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турарын белгилеп, айдоочуларды салынган жолдордун талкаланышына жол бербөөгө жана тартипти бузуудан алыс болууга чакырат",-деп айтылат маалыматта.
