super.kg logo

Кара-Суудагы "Манас" стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт

 

Кара-Суу шаарынын борбордук "Манас" стадиону капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган стадион 1960-жылдары курулуп, бүгүнкү күнгө чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Стадиондун жалпы аянты 2 гектарды түзүп, 3,8 миң орунга эсептелинген. Бул стадиондун эскиздик долбоору Кара-Суу шаарынын Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыкты.

Ага ылайык, долбоордун алкагында стадионду оңдоп-түзөөдө Шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 7 пункт каралган.

"Трибуналарды калыбына келтирип, 3800 даана олтургучтарды орнотуу, чуркоо жолдору (беговая дорожка) жана футбол аянтчасын тегиздеп кайрадан көрктөндүрүү, жарыктандыруу, стадиондун четиндеги тосмолорду жаңылоо, эскилиги жеткен ажаткананы бузуп, ордуна жаңыдан 12 көздүү ажаткана куруу, воркаут зонасын уюштуруу, волейбол аянтчасын куруу, трибуналардын үстүн жабуу (навес) каралган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: