super.kg logo

Туманбаев: "Профсоюздар федерациясынын мүлктөрү менчиктештирилбейт"

 

Профсоюздар федерациясынын мүлктөрү менчиктештирилбейт. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Профсоюздар федерациясынын карамагында болуп, талкаланып жана менчиктештирилип бараткан мүлктөрдү сактап калуу президенттин негизги максаты жана аракети болгонун жазган.

"Президентибиздин тапшырмасы менен Профсоюздан алынган бардык мүлктөр оңдоп-түзөөдөн өтүп, менчиктешип кеткен жерлер мамлекетке кайтарылып, санаторий, курорттор санариптештирилип эл үчүн кызмат кылууга берилет.

Бир мисал, "Жыргалаң" курорту бүгүнкү күндө жаркырап, конокторду кабыл алууда. Ар кандай ушактар менен жана каралоо сөздөр аркылуу жакшы иштерге көлөкө түшүрбөй туруңуздар", - деп жазган Туманбаев.

Эскерте кетсек, социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Арстанбаптагы Профсоюздар федерациясынын карамагындагы пансионат менчиктештирилип жатканы тууралуу жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: