super.kg logo
  Саясат  

Депутат Токтошев: "Казакстанда кыргыз айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салынып жатат"

 

Казакстанда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салынып жатат. Бул тууралуу парламенттин бүгүн, 8-февралдагы жыйынында эл өкүлү Эмил Токтошев айтып чыкты.

"Казакстанда эмгектенген мигранттардын айтымында аталган өлкөнүн бийлиги тарабынан убактылуу жашоого уруксат берүү документи менен жашап жүргөн мекендештерибизге кыргыз номерлүү жеке менчик автоунаасы менен жүрүүгө тыюу салынып жатат.

Ошол эле кезде камсыздандыруу полисин бердирбей, МАИ кызматкерлери тарабынан текшерүүлөр болуп, убактылуу айып жайларга киргизип, айып пул салуу менен чектелип калбастан казак айдоочулук күбөлүгүн алууну талап кылууда.

Бул өз кезегинде Казакстан жана Кыргызстан ратификация кылган 1968-жылдын 8-ноябрында БУУнун жол кыймылы жөнүндө конвенциясында көрсөтүлгөн ченем бузулуп жаткандыгын көрсөтөт. Анда улуттук айдоочулук күбөлүк алган жарандар өзүнүн өлкөсүндө жана аталган конвенцияга кол койгон өлкөлөрдө эркин жүрө алат деп так жазылган", - деди депутат.

Токтошев бул маселе боюнча мигранттар кыргыз элчилигине бир канча ирет кайрылганын, бирок жооп ала албаганын, эч кандай жардам болбогонун айтты. Андыктан бул маселени президент жана Министрлер кабинетинин төрагасы көзөмөлгө алып, тез аранын ичинде чечүү керектигин кошумчалады.






Эл өкүлү: "Казакстанда кыргыз айдоочулук күбөлүгү менен жүрүүгө тыюу салынып жатат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: