Акысыз бөйрөк алмаштыруу боюнча суроолор менен кайда барса болот? (Дареги)
Саламаттык сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин жана жогорку деңгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, министрликтин башкармалык жетекчилеринин жана гемодиализ жамаатынын өкүлдөрүнүн катышуусунда координациялык кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда министрликтин басма сөз кызматынан билдирди.
Жыйында президент Садыр Жапаровдун өлкөдө тууган донордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси каралды. Бөйрөк трансплантациясына муктаж реципиенттердин жана донорлордун реестрин өркүндөтүү ошондой эле дарыгерлер топторун, анын ичинде иммунологдорду даярдоо, аларды чет өлкөлөрдө, тактап айтканда, Түркиянын адистештирилген клиникаларында окутуу талкууланды.
"Жыйынтыгында донорлорду жана реципиенттерди тандоо боюнча нефролог, уролог, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрүнөн турган этикалык комиссиянын отурумун өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо Улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк достук ооруканасына иммуносупрессивдүү дары-дармектерди, реагенттерди жана медициналык буюмдарды сатып алуу үчүн каржылоо маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды", - деп айтылат маалыматта.
Бөйрөк трансплантациясына байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылууга болот:
Касымалиева Мээрзат - бөйрөк алмаштыруу боюнча координатор. 0700 844407;
Исаева Мира Исаевна - медицина илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары. 0772 505652;
Бейшебаева Насира Адылбековна - медицина илимдеринин кандидаты, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы. 0700627716;
Динара Аалыевна Айыпова - медицина илимдеринин кандидаты, Улуттук кардиология жана терапия борборунун нефрология бөлүмүнүн башчысы. 0555 778792;
Матамова Санабар Исраиловна - "Гемодиализ менен ооруган бейтаптар" коомдук уюмунун өкүлү. 0778 134738.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров муктаж болгон бардык кыргызстандыктарга бөйрөк алмаштыруу операциясын акысыз жасап берүүнү тапшырган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 2 миң 500дөн ашык жаран гемодиализ алат. Анын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык кароодон өтүп, бөйрөк алмаштырууга даярданууда. Бөйрөк алмаштыруу операциялардын чыгымын мамлекет жабат.
