super.kg logo

"Зордук-зомбулук боюнча маалымат тастыкталган жок". УКМК интернетте тараган видеодон кийин Караколдогу аскер бөлүгүн текшерди

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети социалдык тармактарга жарыяланган Каракол шаарындагы чек ара бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар боюнча Чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунованын кайрылуусуна ылайык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кабарлангандай, Жылдыз Асанакунова буга чейин да кайрылууда айткан тариздеги арыз берген. Анын негизинде Аскер прокуратурасы менен биргеликте текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында анын маалыматы тастыкталган эмес.

Ошол эле учурда ушул жылдын 6-февралында интернет желесине жарыялаган кайрылуу боюнча Жоокерлердин энелери комитети, Аскердик прокуратура жана УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда кошумча комплекстүү текшерүү жүргүзүлдү.

Документалдуу материалдар изилденип, кызыкдар тараптар менен маектешүү жүргүзүлүп, тиешелүү жайлар текшерилип, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү, тамак-ашы, жашоо шарттары, эс алуу шарттары ошондой эле тамак-ашты сактоо, тамак-аш даярдоо жайлары, тиешелүү санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоолору текшерилди.

"Жеринде жүргүзүлгөн комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгы менен аскер кызматкери Асанакунованын маалыматы тастыкталган жок", - деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.02.2024. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай маалыматтарды коз карандысыз жарандык коом, журналисттик иликтоо жургузуп текшерсе жакшы болмок. Карга карганын козун чукубайт болуп калды.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: