Садыр Жапаров: "Сөз эркиндиги жок болсо, аскер айым кайрылуу жасабайт эле"

"Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда.
Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет", - деп жазган президент.
Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Караколдогу №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунованын жоокерлерди сабап, кордоо фактылары тууралуу айткан видео кайрылуусу жарыяланган.
Ал эми бүгүн УКМК кайрылуу боюнча текшерүү жүргүзүлгөнүн, анда айтылган маалыматтар тастыкталбаганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

