super.kg logo
  Саясат  

Жанар Акаев Ошто ооруканада дарыгер сабалган окуяга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну талап кылды

 

Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Ош шаарындагы ооруканада дарыгерге кол салган окуяга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууну талап кылды.

Эл өкүлү өз өмүрүн улуттун саламаттыгына арнаган дарыгерлерге карата мындай терс мамиле өтө кейиштүү экенин белгиледи.

"Казакстанда дарыгерлерге кол көтөргөндөр 5 жылга чейин эркинен ажыратылат экен. Биз да ал кадамга барып, коомдо дарыгерлердин кадыр баркын көтөрүүбүз абзел. Дарыгер 15 миң сомго жетпеген маянасына үй-бүлөсүн багуусу мүмкүнбү, аларга социалдык кепилдиктер да каралган эмес", - деди Акаев.

Ошондой эле ал айлык маянанын аздыгынан улам 9 жыл окуганына карабай көптөгөн дарыгерлер чет жактарга жумуш издеп кетип жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 4-февралда социалдык тармактарда Ошто ооруканада белгисиз жаран дарыгерлерди сабаган видео тараган. Видеону бөлүшкөндөрдүн бири дарыгерлерге кол көтөргөн жаран милиция кызматкери экенин жазган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы SUPER.KG порталына ошол эле күнү шектүү катары 1990-жылы туулган Б.К.А. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдаган. Ошондой эле окуяга милиция кызматкерлеринин таптакыр тиешеси жок экенин билдирген.

Ош облустук Психиатрия жана наркология борборунун директорунун орун басары Нурлан Акпышаров дарыгерлеринин сабалышы боюнча маалымат берген.






Жогорку Кеңеш 08.02.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: