super.kg logo

Бишкекте короолор менен көчөлөрдүн тазалыгы текшерилүүдө

 

Бишкек мэриясынын алдындагы муниципалдык инспекция көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда жана көчөлөрүндө тазалыкты сактоо боюнча рейддерди улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда аталган мекемеден билдиришти.

Маалымдалгандай, январь айында көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузгандарга "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин 114-беренесинин негизинде 84 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 702 миң сом айып пул салынган.

"Урматтуу шаардыктар жана ишкерлер! Бишкек шаарын жашылдандыруу эрежелеринин 4.4.1 пунктуна ылайык жанаша жайгашкан аймакты жашылдандыруу боюнча санитардык нормаларды жана эрежелерди так сактоону суранабыз",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталган учурда муниципалдык инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан Укук бузуулар жөнүндө кодекстин беренелерине ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: