Жаш таланттар, чамдагыла! Бишкекте XXII Эл аралык “Витебск–2024” балдар музыкалык сынагына тандоо туру өтөт
17-мартта Бишкекте Кыргыз Улуттук консерваториясында XXII Эл аралык “Витебск–2024” балдар музыкалык сынагына улуттук тандоо туру өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 8-фералда SUPER.KG порталына өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.
Анын айтымында, бул тандоо туру 8 жаштан 14 жашка чейинки жаш таланттар үчүн сонун мүмкүнчүлүк. Анткени жеңүүчү өлкөнүн атынан XXXIII Эл аралык “Славян базары” искуссттво фестивалынын алкагында жылына өтчү XXII Эл аралык “Витебск–2024” балдар музыкалык сынагына жолдомо алат.
Аталган сынакка катышуу максатында таланттуу өспүрүмдөрдүн арасындагы улуттук тандоо туру өлкөдө экинчи ирет өтүп жатат.
Турга катышуу үчүн алдын ала онлайн тандоодон өтүшү керек. Өтүнмөлөр ушул жылдын 5-мартына чейин кабыл алынат.
Ал эми толук маалыматты сурап-билүү үчүн 0 705 44 55 22 (ватсап, телеграм) телефон номуруна кайрылса болот.
