super.kg logo
  Саясат  

Президент: "Прокуратура 17 миллиард сомго жакын каражатты мамлекетке кайтарды"

 

Бюджеттен уурдалган миллиондор мамлекетке кайтарылып жатат. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда Свердлов райондук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди.

Президент өз сөзүндө аныкталган зыянды өндүрүү бул прокуратура органдарынын негизги максатына кирбегенине карабай, 2023-жылы прокуратура органдары жалпысынан 17 миллиард 979 миллион сомдук зыянды аныктаганына токтолду. Анын ичинен 16 миллиард 923 миллион сом өндүрүлгөн. Бул сумманын 4,5 миллиард сому акчалай түрдө, ал эми 12 миллиард сомдон ашыгы натуралык түрдө өндүрүлгөн.

Жапаров быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл, ошондой эле Кыргыз улуттук прокуратурасынын түзүлгөндүгүнө да 100 жыл толгонун айтты.

Мындан сырткары, быйыл Башкы прокурордун төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун 22-отуруму жана Түрк мамлекеттеринин Башкы прокурорлор кеңешинин 3-отуруму Кыргызстанда өтө турганына токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: