super.kg logo
  Саясат  

"Бизде лотерея - же аман калат, же каза болот". Маматалиев экс-депутат досу апасын кантип сактап калганын айтып берди (видео)

 
Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Кыргызстан онкологиялык оорулар боюнча Борбор Азияда биринчи орунда турарын, илдет күнүнө 15 адамдан аныкталарын билдирди.
Эл өкүлү расмий катталбагандар дагы ошончо болушу мүмкүн экенин белгиледи.
"Өкүнүчтүүсү жана кызыктуусу - жарандар онкологиялык ооруканага барса, заманбап жабдуунун жоктугуна байланыштуу көп учурда диагнозу туура эмес коюлат да, дароо эле "кесебиз" дешет. Ары жагы лотерея - же аман калат, же каза болот. Мисалы, бир экс-депутат досумдун апасын бул жактан кесебиз дегенде болбой Түркияга алып барса, "эч кандай кесүүнүн кереги жок" деп дары-дармек жазып берген. Эки-үч айда айыгып кетти. Анын го акчасы бар экен, колунда жоктор эмне болот?", - деди Маматалиев
Ошондой эле ал Орусиянын Омск шаарынан заманбап технология менен жабдылган мамлекеттик онкологиялык оорукананы көрүшкөнүн айтты.
"Алар келишим түзүүнү сунуштады. Биринчиден, Түркияга караганда он эсе арзан экен. Экинчиден, онлайн деле диагноз чыгарып берүүгө мүмкүнчүлүктөр бар дейт. Ошондуктан биздин Улуттук онкология борборунун директору Омскиге барып келишим түзүп келсе. Анын зыяны тийбейт, тескерисинче пайда гана болот. Айрыкча карапайым элге жакшы болмок", - деди эл өкүлү.





Жогорку Кеңеш 08.02.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: