Өлкөгө COVID-19га каршы вакцинанын 20 миңден ашык дозасы келди
Республикалык иммунопрофилактика борборунун борбордук кампасына COVID-19га каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын 20 миң 160 дозасы келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматтарга караганда, вакциналар COVAX уюму тарабынан берилген жана ЮНИСЕФтин колдоосу аркылуу жеткирилген. Жалпы баасы 136 миң долларды түзөт.
Министрликтин коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева, дарылар калктын эң аялуу катмары коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү үчүн өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратыларын айтты.
"Быйылкы COVID-19 программаларын колдоонун алкагында учурда 58 мамлекет, анын ичинде Кыргызстан коронавируска каршы эмдөө иштерин улантууда. Өлкөдө COVID-19 кырдаалы туруктуу болгону менен, эмдөө бул оорунун татаалдашынан коргойт жана тобокелдикти олуттуу түрдө азайтат", - деди Зинат Бейшебаева.
