super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мураталиев унаа айдоодо ылдамдыктын төмөнкү чегин көтөрүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 8-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марат Мураталиев калктуу конуштарда унаа айдоодо ылдамдыктын төмөнкү чегин саатына 40 чакырым ылдамдыктан 60ка, 60тан 80ге көтөрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү саатына 40-60 чакырым ылдамдык менен жүрүү эски унааларга ылайыкталганын, азыр заманбап унааларга ал ылдамдык өтө аз экенин белгиледи.

"Азыр элдин көбү заманбап унааларды, "Жиптерди" айдап жүрүшөт. Алар 60 менен баратса да убагында токтой алат. Азыркы чектөөлөр союз убагында "Жигулилерге" ылайыкталган болчу. Ошону кайра карап көрбөйлүбү. Мисалы, Ысык-Көлгө баратканда Кеминдин ичинде акырын жүрүп кайра тыгын жаратышууда", - деди ал.





Жогорку Кеңеш 08.02.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: